Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбалдиев: Көчмөндөр оюндары учурунда чоң унааларга тыюу салынат

© Sputnik / Табылды КадырбековЖол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев Ысык-Көлгө кеткен жолдогу май куюучу жайлар эртерээк күйүүчү май запасын толуктап алышы керектигин айтты.
Сатыбалдиев: Көчмөндөр оюндары учурунда чоң унааларга тыюу салынат

Көчмөндөр оюндары учурунда чоң техникалардын жүрүүсүнө тыюу салынат. Жүк ташуучу унаалар, айыл чарба техникалары убактылуу тескей тарабындагы жолго киргизилбейт. Бул тууралуу Нур Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган иш-чара учурунда Ысык-Көл аймагынан өткөн бардык унаалар текшерилет.

"Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарына биз учурда толугу менен даярбыз. Чет элдик туристтерди тейлөө үчүн ондогон кызматкерлерибиз англис тилин жогорулатуу курсттарынан өтүштү. Мындан сырткары, калкка түшүндүрүү иштерин жүргүзүү боюнча да окуулар болуп өттү. Аталган долбоордун коопсуз өтүүсүн камсыздоо максатында комбайн, трактор, жүк ташуучу унаалар сыяктуу көлөмдүү техникаларга Ысык-Көлдүн күңгөй тарабынан Балыкчыдан баштап Каракол шаарына чейин жүрүүгө тыюу салынат", — деди Сатыбалдиев.

Ал ошондой эле чет элдик коноктор үчүн атайын маалымат китепчелери даярдалып, таратыларын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0