Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Джамангулов: сумочулар ДКОго биринчи жолу катышууда

© Sputnik / Асель АкматалиеваСумо күрөш ассоциациясынын вице-президенти Эмиль Джамангулов. Архив
Сумо күрөш ассоциациясынын вице-президенти Эмиль Джамангулов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Сумо күрөш ассоциациясынын вице-президенти Эмиль Джамангулов кыргыз сумочулары багындырчу ийгиликтер алдыда экенин айтты.
Джамангулов: сумочулар ДКОго биринчи жолу катышууда

Кыргыз сумочулары Көчмөндөрдүн дүйнөлүк III оюндарында алдыңкы орундарды багындырууга аракеттенүүдө. Бул тууралуу Эмиль Джамангулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кыргызстандыктар быйыл аталган иш-чарага биринчи ирет катышканы турат.

"Мурдагы Оюндардан айырмаланып бул жылы иш-чарага сумо күрөшү да кошулду. Албетте бул биз үчүн кубанычтуу кабар болду. Жоопкерчиликти сезип сумочуларыбыз да кызуу даярданууда. Буюрса алдыңкы орундарды алат деп ниет кылып жатабыз", — деди вице-президент.

Ал мындан сырткары сумо күрөшүн аймактарга жайылтууну көздөп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0