Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сатыбалдиев: 1262 маалыматтык кызматына көп тил билгендерди алабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель начальника Главного управления по обеспечению безопасности дорожного движения Нур Сатыбалдиев
Заместитель начальника Главного управления по обеспечению безопасности дорожного движения Нур Сатыбалдиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынын башчысынын орун басары Нур Сатыбалдиев 1262 атайын номерине көп тил билген операторлор убактылуу жумушка алынарын айтты.
Сатыбалдиев: 1262 маалыматтык кызматына көп тил билгендерди алабыз

1262 атайын маалыматтык номерине көп тил билгендерди убактылуу оператолукка алабыз. Бул тууралуу Нур Сатыбалдиев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алынган операторлор көчмөндөр оюндары аяктаганча иштешет.

"Көчмөндөр оюндары учурунда 1262 атайын маалыматтык номери кызмат кылат. Жарандар бул жакка чалып, транспорт каттамдары, программалардын жүрүшү, даректер жана башкалар тууралуу маалымат алса болот. Иш-чара аяктаганча иштеген бул маалыматтык борборго бир нече чет тилин билген операторлорду кабыл алуудабыз. Учурда үч операторубуз бар. Каалоочулар Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгына Бишкек шаары, Чолпон-Ата көчөсү, А1 дареги боюнча кайрылса болот", — деди Сатыбалдиев.

Ал аталган кыска номерге кайрылгандарды тейлөөдө операторлордон сырткары күч органдарынын кызматкерлери жана ыктыярчылар да тартылгандыгын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0