Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Карыбаев: акчадан мурда сапаттуу продукт даярдоону ойлоо керек

© Sputnik / Табылды КадырбековЖеке ишкер жана архитектор Урмат Карыбаев
Жеке ишкер жана архитектор Урмат Карыбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жеке ишкер жана архитектор Урмат Карыбаев бизнесте ийгиликтин 70 пайызын ишеним түзөрүн айтты.
Карыбаев: акчадан мурда сапаттуу продукт даярдоону ойлоо керек

Акча табуудан мурда жасаган иштин сапатына көнүл буруу маанилүү. Бул тууралуу Урмат Карыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ийгилик сыры" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, качан гана ишкер сапатка иштеп баштаганда акча өзүнөн-өзү келе баштайт.

"Ийгиликтин 70 пайызын ишеним, 20 пайызын аракет жана 10 гана пайызын каражат түзөт. Демек, каражат жана аракеттен мурда адам баштаган ишин алып кете ала тургандай ишенимде болушу шарт. Дүйнөнүн эң бай адамдары акча табуу максатында эмес, коомго пайда алып келип, элдин ишин жеңилдетүү ниетинде иш баштаган. Ошол сыяктуу биздин да максат дүркүрөп бай болуп кетүү эмес, келген туристтерге жана жергиликтүү тургандардга ыңгайлуу шарт түзүп берүү. Бул себептен Ысык-Көл жергесинде эс алуу шаарчасын түзүп, аны өнүктүрүүгө аракет кылуудабыз", — деди Карыбаев.

Ал эс алууга бардык шарттар түзүлсө туристтер өзүнөн-өзү эле агылып келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0