Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сазыков: жарандар салыгын эсептеш үчүн сайтта атайын калькулятор бар

© Фото / пресс-служба ГНСПресс-секретарь Государственной налоговой службы Кыргызской Республики Эркин Сазыков
Пресс-секретарь Государственной налоговой службы Кыргызской Республики Эркин Сазыков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мамлекеттик салык кызматынын маалыматтык камсыздоо бөлүмүнүн башчысы Эркин Сазыков салык боюнча суроолорго 194 кыска номери аркылуу жооп алса болорун айтты.
Сазыков: жарандар салыгын эсептеш үчүн сайтта атайын калькулятор бар

Жарандардын канча салык төлөй турганын эсептеп алуусу үчүн атайын калькулятор бар. Ал Мамлекеттик салык кызматынын расмий сайтында жайгашкан. Бул тууралуу Эркин Сазыков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган кызматтын сайтына кирип, жер, үй салыктарын чарчы метрин жазып же унаа салыгын эсептеп алса болот.

"Мамлекеттик салык кызматынын www.sti.gov.kg дарегинде жайгашкан сайты бар. Каалоочулар ал жакка кирип атайын калькулятордун жардамы менен жер, үй жана унаа салыктарын эсептеп, канча төлөрүн билип алса болот. Мындан сырткары, 194 кыска номерине чалса, салык боюнча бардык суроолорго биздин кызматкерлер жооп берет. Салык төлөө ушул жылдын 1-сентябрынан кечиктирилсе 2000 сом айып салынып, туум эсептелет", — деди Сазыков.

Ал салык төлөөдө аймактардагы жарандар активдүүлүгүн көрсөтүшөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0