Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аширбаев: баллон жарылып каза тапкан аялдын артында кызы калды

© Фото / пресс-служба УВД Ошской областиРуководитель пресс-службы УВД Ошской области Жениш Аширбаев
Руководитель пресс-службы УВД Ошской области Жениш Аширбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Ош облустук милициянын маалымат катчысы Жеңиш Аширбаев ашкана мерт болгон келиндин атасына таандык болгонун айтты.
Аширбаев: баллон жарылып каза тапкан аялдын артында кызы калды

Каза тапкан эне-бала тез татым жасачу. Бул тууралуу Жеңиш Аширбаев билдирди.

Анын айтымында, 36 жаштагы келин өзүнүн уулу менен тамак даярдап жатканда баллон жарылып кеткен.

"2018-жылдын 23-августунда саат 7:15тер чамасында 102 телефону аркылуу жарандар Араван райондук ИИБне өрт тууралуу маалымат беришкен. Араван районунун Керме-Тоо айыл аймагынын Гүлбар айылында ашканадан чыккан өрт газ баллондун жарылуусунан чыккан. Ал жерде 36 жаштагы келин баласы менен тез татымдарды жасачу экен. Жардыруу болгон жерде газ баллондун негизги бөлүгү ошол жерде калып, калганы ар тарапка учкан", — деди маалымат катчы.

Аширбаев өрт чыккан ашкана каза болгон келиндин атасына таандык экенин кошумчалады.

Эске салсак, буга чейин Ошто намазкана өрттөнүп, ичиндеги эки адам каза болгонду жана бул окуяга ашканадан чыккан өрт себеп болгону кабарланган эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0