Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жекшенкулов: ЖЭБ боюнча кытай тарап да жоопко тартылышы керек

© Sputnik / Исмаил МамытовЭкс-министр иностранных дел Кыргызстана Аликбек Джекшенкулов
Экс-министр иностранных дел Кыргызстана Аликбек Джекшенкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурдагы тышкы иштер министри Аликбек Жекшенкулов коррупциялык аракеттер ачыкталган учурда кыргыз аткаминерлерин эле эмес, насыя берген тараптын тиешелүү адамдарын да жоопко тартуу керектигин айтты.
Жекшенкулов: ЖЭБ боюнча кытай тарап да жоопко тартылышы керек

ЖЭБ боюнча Кытайдын тиешелүү аткаминерлери да жоопко тарылышы керек. Негизи эле эл аралык экономикалык мамилелерде Кыргызстан өзүн сыйлаган өлкө катары көрсөтүшү зарыл. Мындай пикирин Аликбек Жекшенкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кытай президенти Си Цзиньпиндин "башка мамлекетке зыян алып келген кытай ишкерлери жоопко тартылат" деген сөзү бар.

"ЖЭБ боюнча кытай тарап да жооп берүүсү зарыл. Биздеги тиешелүү аткаминерлерди күнөөлөө менен токтоп калбай, ал тараптан да ТВЕА компаниясын суракка алуу керек. Негизи эле сырттан алынган карыздар учурунда коррупциялык иштер билинсе Кыргызстан нота жиберип, тиги тараптын да тиешелүү адамдарынын жоопко тартылуусуна жетишүү зарыл. Ошондо Кыргызстан укуктук мамлекет катары, жемкорлук менен күрөшкөн өлкө катары дүйнө элинин алдында аброю жогорулайт", — деди Жекшенкулов.

Ал учурда өлкө эсебинде турган карыздарды кайсы учурда, эмне максатта алынып, жыйынтыгы кандай болгонун дыкат иликтеп чыгуу зарылдыгы турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0