16:21 23 Аяк оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8245
  • EUR76.6533
  • RUB1.0919
ӨКМдин мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы Даурбек Сакыев. Архивдик сүрөт
© Sputnik / Асель Акматалиева

Сакыев: мониторинг жана божомолдоо системасы жаңыланууда

Радио
Кыскача шилтеме алуу
4810

ӨКМдин мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы Даурбек Сакыев ӨКМдин алдындагы бөлүмдөрдө бир топ көйгөйлөр бар экенин жана учурда аны чечүүгө болгон күч-аракет жумшалып жатканын айтты.

Өзгөчө кырдаалдар министрлигинин алдындагы мониторинг жана божомолдоо системасы жаңыланууда. Бул тууралуу Даурбек Сакыев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, аталган долбоор ишке ашкандан соң бардык болжолдуу маалыматтар бир борборго келип түшөт.

"Азыркы кезде эл аралык уюмдарга кайрылуу менен мониторинг жана божомолдоо системасын түзүүгө аракеттер көрүлүп жатат. Бул система ишке ашкандан кийин болжолдуу маалыматтардын баары бир борборго келип түшүп, мониторинг боюнча маалыматтардын туура чыгуусуна өбөлгө түзөт", — деди Сакыев.

Ал мындан сырткары өзгөчө кырдаалдарга мониторинг жүргүзүү үчүн заманбап шаймандарды алдыруу боюнча да сүйлөшүүлөр жүрүп жатканын кошумчалады.

Тема боюнча

Асанходжаев: алыскы айларда аба ырайы кандай болорун аныктоо татаал процесс
Белгилер:
мониторинг, жаратылыш, ӨКМ

ЭҢ МААНИЛҮҮ