Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанходжаев: алыскы айларда аба ырайы кандай болорун аныктоо татаал процесс

© Sputnik / Табылды КадырбековЗаместитель Агентства по Гидрометеорологии при МЧС КР Рыскелди Асанходжаев
Заместитель Агентства по Гидрометеорологии при МЧС КР Рыскелди Асанходжаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин алдындагы Гидрометеорология боюнча агенттиктин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев ар бир айдын 15инде кийинки айга болгон болжолдуу аба ырайы маалым болорун белгиледи.
Асанходжаев: алыскы айларда аба ырайы кандай болорун аныктоо татаал процесс

Алыскы айларда аба ырайы кандай болорун аныктоо татаал процесс. Мисалы азыркы кезде кыш мезгилинде аба ырайы кандай болорун билүү кыйын. Бул тууралуу Рыскелди Асанходжаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркы кезде бир айга карата аба ырайы аныкталып, ал маалымат 90 пайыз туура чыгат.

"Алдын ала алты айга же болбосо бир жылга аба ырайы кандай болорун аныктоо татаал процесс. Узак мөөнөттөгү аба ырайын билүү өнүккөн мамлекеттерде жетиштүү деңгээлде өздөштүрүлгөн. Ошол себептен Кыргызстанда алдын ала 1-2 айга болгон болжолдуу аба ырайын гана бере алабыз. Бүгүнкү күндө Кыргызгидромет берген маалымат 90 пайыз туура чыгууда", — деди ал.

Асанходжаев быйыл кардын запасы эки эсеге аз экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0