Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кадыралиева: эмчек эмбеген балдар аллергия оорусуна көп чалдыгат

© Sputnik / Табылды КадырбековСпециалист по питанию в центре охраны детства и материнства Эркайым Кадыралиева
Специалист по питанию в центре охраны детства и материнства Эркайым Кадыралиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эне-баланы коргоо улуттук борборунун балдарды туура тамактандыруу боюнча адиси Эркайым Кадыралиева баланы эмизүү эненин милдети экенин айтты.
Кадыралиева: эмчек эмбеген балдар аллергия оорусуна көп чалдыгат

Эмчек эмбей чоңойгон балдар эне сүтүн эмген балдарга караганда аллергия оорусуна көп чалдыгышат. Бул тууралуу Эркайым Кадыралиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, баланын акыл-эсинин өөрчүшүнө да эненин сүтү өтө маанилүү.

"Ден соолукка байланыштуу болсо айла жок, бирок учурда келбетин сактайм деп баласын эмизүүдөн баш тарткан энелердин саны арбыды. Түрдүү кошумча тамактардын чыгуусу менен ымыркайлар үчүн эң маанилүү болгон эне сүтүнүн берилбей калышы дүйнөлүк көйгөйгө айланып баратат. Кошумча тамак менен чоңойгон балдар, эмчек эмген наристелерге караганда аллергия, астма, семирип кетүү сыяктуу дарттардан көбүрөөк жапа чеге турганын медицина аныктады. Андыктан акылдуу, күчтүү, ден соолугу чың улут тарбиялоодо баланы эмизүү этабы абдан маанилүү", — деди Кадыралиева.

Ал бала эмизүү төрөттөн кийин калыбына келүү учурунда эненин ден соолугу үчүн да оң таасирин тийгизерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0