Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Касенов: "Биринчи мугалимди" мыкты актёрдук курам сахнага алып чыгат

© Sputnik / Асель АкматалиеваКазахский режиссер Камат Касенов
Казахский режиссер Камат Касенов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Казак режиссёру Камат Касенов "Биринчи мугалимге" актерлор Айтматовду таануу деңгээлине жараша тандалганын айтты.
Касенов: "Биринчи мугалимди" мыкты актёрдук курам сахнага алып чыгат

"Биринчи мугалим" чыгармасын сахналаштырууга мыкты актёрдук курам аныкталды. Бул тууралуу Камат Касенов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, актёрлор режиссер менен бат эле тил табышып кеткен.

"Аталган чыгарманы сахналаштырууга актёрлор менен жогорку деңгээлде даярдандык. Буюрса, эртең чыгармачылык топ мени уят кылбайт деп ойлойм. Актёрдук курам да жөн эле тандалган жок. Алар Чынгыз Айтматовдун чыгармаларына болгон көз карашы, Айтматовду таануу деңгээлине, аткара турчу образын ачып берүү жөндөмдүүлүгүнө жараша аныкталды", — деди режиссёр.

Ал аталган спектаклдин өмүрү эртең коюлчу премьера менен токтоп калбай, жашоосу узун боло турганын белгиледи.

Эске салсак, 18-август саат 18:00дө Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында "Биринчи мугалим" спектаклинин премьерасы болмокчу.

Жаңылыктар түрмөгү
0