Жарашев: "Биринчи мугалимдеги" Дүйшөндү ойноо — чоң жоопкерчилик
Улуу жазуучу Чыңгыз Айтматовдун "Биринчи мугалим" чыгармасындагы Дүйшөндүн ролун аткаруу — ары сыймыктуу, ары чоң жоопкерчилик. Бул тууралуу Элдияр Жарашев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, учурда чыгарманын премьерасына даярдык кызуу жүрүүдө.
"18-август саат 18:00дө Бакен Кыдыкеева атындагы кыргыз мамлекеттик жаш көрүүчүлөр театрында "Биринчи мугалим" спектаклинин премьерасы болот. Азыркы кезде кызуу даярданып, театр сүйүүчүлөр үчүн мыкты спектакль коелу деп турабыз. Дүйшөндүн ролун аткаруу мага буюрган экен, толкунданып, чоң жоопкерчиликти алганымды сезип турам", — деди актёр.
Жарашев аталган спектаклди мектеп окуучулары жана мугалимдер сөзсүз көрүшү керектигин кошумчалады.