Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбеталиев: Көчмөндөр оюну долбоорунун илимге салымы чоң

© Sputnik / Максат ЭлебесовПрофессор, Көчмөндөр оюндары катчылыгынын илимий координатору Канат Мамбеталиев
Профессор, Көчмөндөр оюндары катчылыгынын илимий координатору Канат Мамбеталиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Профессор, Көчмөндөр оюндары катчылыгынын илимий координатору Канат Мамбеталиев аталган долбоор көчмөн цивилизациясын илимий жаатта далилдөөгө чоң өбөлгө түзүп жаткандыгын айтты.
Мамбеталиев: Көчмөндөр оюну долбоорунун илимге салымы чоң

Көчмөндөр оюндары долбоорунун илимге салымы чоң. Өзгөчө кыргыздардын тарыхтагы ордун бекемдөөдө табылгыс иш-чара. Мындай пикирин Канат Мамбеталиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, дүйнө элинин көпчүлүгү буга чейин көчмөн цивилизациясын жапайычылык катары карап келген болсо, бул долбоордун негизинде жапайычылык эмес, терең маданият экенин далилдөөгө мүмкүнчүлүк түзүлдү.

"Коомчулукта Көчмөндөр оюндарын эмнеге кайра-кайра өткөрүүдөбүз, ал каражатты башка муктаждыктарга жумшасак болот эле" деген нааразы пикирлерди билдиргендер жок эмес. Туура, бирок эртеңибизге аталган долбоордун пайдасы зор болууда. Буга чейин дүйнө эли көчмөндөрдү жапайы, артта калган бир калк катары баалап келсе, долбоордон соң өзүнчө бир маданиятка, тарыхка ээ элдей көз карашта калышты. Мунун баарын илимий негизде тастыктап, Көчмөндөр оюндарынын алкагында бир нече илимий конференциялар, дүйнөлүк деңгээлдеги окумуштуулар менен жолугушуулар өткөрүлдү. Мунун баары кыргыз илимине чоң пайдасын алып келүүдө. Бул келечек үчүн өтө маанилүү кадамдар", — деди Мамбеталиев.

Илимпоз буга чейин Кыргызстан революциялар өлкөсү катары таанылса, эми көчмөн цивилизациясынын ордосу катары белгилүү болуп келе жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0