Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сакыев: 3 миңден ашык тилкеде жер көчүү кооптуулугу күч

© Sputnik / Асель АкматалиеваНачальник отдела мониторинга и прогнозирования МЧС КР Даурбек Сакыев
Начальник отдела мониторинга и прогнозирования МЧС КР Даурбек Сакыев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин мониторинг жүргүзүү, божомолдоо департаментинин бөлүм башчысы Даурбек Сакыев республика боюнча кооптуу жерлер дайыма изилдөөдө болуп турарын айтты.
Сакыев: 3 миңден ашык тилкеде жер көчүү кооптуулугу күч

Кыргызстанда үч миңден ашык аймакта жер көчүү коркунучу бар. Бул тууралуу Даурбек Сакыев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кооптуу делген тилкелердин ичинен 191 аймакта калк жайгашкан.

"Бүгүнкү күндө Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында жер көчкү кооптуулугу жогору. Статистикалык маалыматтарга таянсак, республика боюнча 3 миңден ашык жер көчкү жүрүшү мүмкүн болгон аймактар катталды. Алардын ичинен 191инде калк отурукташкан. Мындан сырткары, 3100дөн ашык сел жүрүүчү аймактар аныкталды. Биз жакынкы аралыкта гана болчу өзгөчө кырдаалдарды изилдей алабыз. Ал эми узак мөөнөттөгү божомолду жүргүзүү кыйын", — деди Сакыев.

Ал ошондой эле мөңгүлөр эрип, көлдөрдөн суунун ашып кетүү кооптуулугу бар экинин да белгилеп өттү.

Жаңылыктар түрмөгү
0