Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрзаков: Кыргызстанда энелердин өлүмү азайды

© Sputnik / Табылды КадырбековИсполнительный представитель Фонда ООН в области народонаселения Медер Омурзаков
Исполнительный представитель Фонда ООН в области народонаселения Медер Омурзаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюмунун калк фондусунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков соңку жылдарда медицина тармагынын жакшыруусу менен аялдардын ден соолугу да чыңалгандыгын айтты.
Өмүрзаков: Кыргызстанда энелердин өлүмү азайды

Кыргызстанда акыркы 4-5 жылда энелердин өлүмү азайгандыгы байкалды. Бул тууралуу Медер Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай көрсөткүчкө карабастан жалпы энелердин ден соолугу үчүн кам көрүүгө жапырт киришүү абзел.

"Мындан 4-5 жыл мурда энелердин өлүмүнүн саны көп болчу. Бүгүнкү күндө, бактыга жараша, мындай учурлар азыраак катталып калды. Бул нерсеге медицина тармагынын жакшырышы да түздөн-түз тиешелүү. Бирок ошентсе да кошуна мамлекеттерге караганда Кыргызстанда эне өлүмү көбүрөөк. Себеби аялдар кош бойлуу кезинде убагында каттоого турбайт жана медицина кызматкерлеринин көзөмөлүндө болбойт", — деди ал.

Өмүрзаков, мындан сырткары, жаштардын көпчүлүгү үй-бүлө пландаштырууну билбей турганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0