Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сүйүмбаева: баарлашуу жетишпегендиктен кыздар вебкам-модель болуп иштөөдө

© Sputnik / Нурис АлымбаевШкольный психолог Асель Суюмбаева
Школьный психолог Асель Суюмбаева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Психолог Асел Сүйүмбаева вебкам-студияларда иштеген кыздар бир кирген боюнча андан чыгуусу кыйыныраак болуп каларын айтты.
Сүйүмбаева: баарлашуу жетишпегендиктен кыздар вебкам-модель болуп иштөөдө

Бүгүнкү күндө биринчиден баарлашуу, экинчиден акча жетишпегендиктен кыздар вебкам-модель кызматын аркалап жатат. Бул тууралуу Асел Сүйүмбаева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай кызматка көбүнчө мигранттардын кыздары дуушар болууда.

"Учурда вебкам-модель болуп иштеген кыздардын санынын өсүү себеби аларга баарлашуу, көңүл буруу, жакындарынын көзөмөлү жетишпей жаткандыгында. Айрым ата-энелер балдарына жеткиликтүү көңүл бурбай, жада калса кызынын кайда иштеп жатканын билбейт. Мындай жолго түшкөн кыздар бул иштин аркасында кандай психологиялык кыйынчылыктар жатканын башында түшүнө бербейт", — деди психолог.

Ал ата-эне менен баланын мамилеси жакын достордой болуусу өтө маанилүү экенин баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0