Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Солтобаев: Кыргызстандагы тарыхый табылгалар кооптуу абалда

© Sputnik / Жасмин МалашеваКыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев. Архив
Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз улуттук университетинин ага окутуучусу, археолог Орозбек Солтобаев изилдене элек айрым буюмдар казылып, чет мамлекеттерге чыгарылып кетип жатканын айтты.
Солтобаев: Кыргызстандагы тарыхый табылгалар кооптуу абалда

Кыргызстандын аймагындагы тарыхый табылгалар кооптуу абалда турат. Менде көптөгөн далилдер бар. Бул тууралуу Орозбек Солтобаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мамлекет тарабынан археологиялык иштерге тиешелүү көңүл бөлүнбөй жатат.

"Кыргызстандын аймагында баалуу, тарыхый табылгалар абдан көп. Алардын көбүнүн кайсы жерде жатканы али белгисиз. Жаз мезгилинен баштап казуу иштери жүрөт, бирок каражаттын жоктугунан көбүнчө изилдөө иштери кечеңдеп келет. Бул аралыкта мыйзамсыз казуулар да күч алып, айрым баалуу табылгалар чет мамлекеттерге сатыкка чыгып кетип жатат. Менде бул тууралуу көптөгөн далилдер бар", — деди Солтобаев.

Адис бул маселеге мамлекет тез арада олуттуу мамиле жасашы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0