19:11 17 Бештин айы 2018
Түз эфир
  • USD69.8320
  • EUR79.0708
  • RUB1.0482
Улуттук госпиталдын пластикалык реконструкциялоо микрохирургиясы жана манжа хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Керим Бээрманов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бээрманов: бетиндеги бырышты кетирем деп операцияга келгендер көбөйдү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
213 0 0

Улуттук госпиталдын пластикалык реконструкциялоо микрохирургиясы жана манжа хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Керим Бээрманов өз эрежеси менен сулуулук үчүн жасалган пластикалык операциялардын ден соолукка зыяны жок экенин айтты.

Бетиндеги бырышты кетирем деп операцияга келгендердин көбү 30-35 жаштагы кыз-келиндер. Бул тууралуу Керим Бээрманов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, эгер зарылчылык жаралса пластикалык операцияны коркпой эле жасата берсе болот.

"Кулак, мурундарын түздөтүп, өздөрүнө жаккандай кылып операция жасаткан улан, кыздар көп эле. Акыркы убакта көзүнө европалыктардыкындай сурма чыгарууну каалагандар көбөйдү. Ошондой эле кыз-келиндер 30-35 жаштан өткөн соң, бетине түшө баштаган бырышты операция жолу менен алып салууну каалашат. Биз аларга кеп-кеңешибизди берип, бир нече ирет сүйлөшкөндөн кийин гана операциянын алдында саламаттыгын текшертип келүүгө жиберебиз", — деди Бээрманов.

Ал аталган госпиталда пластикалык операциялардын бардык түрлөрү жасалаарын кошумчалады.

Тема боюнча

Бээрманов: сурмасын чоңойтуп барган аялын үйгө киргизбей койгондор бар
Белгилер:
ден соолук, сулуулук, операция, Керим Бээрманов
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ