02:11 21 Баш оона 2018
Түз эфир
  • USD69.4557
  • EUR79.1552
  • RUB1.0386
Мөңгү кинофорумунун арт-директору Ника Темирова. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Темирова: чет элдик режиссерлор кыргыз тасмаларына жогорку баа берет

Радио
Кыскача шилтеме алуу
31 0 0

"Мөңгү" кинофорумунун арт-директору Ника Темирова фестивалдардын санынын өсүшү менен мыкты тасмалар тартылып жатканын кошумчалады.

Кыргызстанда жыл өткөн сайын кинофестивалдар көбөйүп жатат. Бул, албетте, жакшы көрүнүш. Мындай пикирин Ника Темирова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, чет элдик режиссерлор кыргыз тасмаларына жогорку баа берет.

"Албетте, Кыргызстандагы кинофестивалдардын аброю жыл өткөн сайын жогорулап бара жатат. Акырындан кинофорумдар, кинофестивалдардын саны өсүүдө. Алардын катарын 3-7-сентябрда Дүйнөлүк көчмөндөр оюндарынын алкагында өтчү "Мөңгү" кинофоруму да толуктаганы турат. Буга чейин "Кыргызстан – кыска метраждуу тасмалардын өлкөсү", "Карек" сыяктуу фестивалдар бар болсо, эми адам укуктарына арналган, экологияга багытталган фестивалдар өз ишин алып барып жатат. Биздеги иш-чараларга катышкан чет элдик режиссерлор кыргыз тасмаларына жогорку баасын берип, мактоо сөздөрүн айтып келет", — деди арт-директор.

Темирова "Мөңгү" кинофорумунун кийинчерээк Кыргызстандагы эле эмес, дүйнөлүк кинофестиваль болушу үчүн уюштуруу тобу аракет жасарын кошумчалады.

Тема боюнча

Кулмендеев: Кыргызстанда алгачкы жолу этно-экологиялык кинофорум өтөт
Белгилер:
маданият, фестиваль
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ