Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Арзыматов: студент алгач бекер иштеп тажрыйба топтошу керек

© Sputnik / Максат ЭлебесовРуководитель общественного объединения "Ассоциация Юристы Кыргызстана" Женишбек Арзыматов
Руководитель общественного объединения Ассоциация Юристы Кыргызстана Женишбек Арзыматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Юристтер Ассоциациясынын" жетекчиси Жеңишбек Арзыматов окуу жайды бүткөн юристтер толук кандуу адис болуп чыкпай жатканын айтты.
Арзыматов: студент алгач бекер иштеп тажрыйба топтошу керек

Юридикалык багытта билим алып жаткан студенттер 2-3-курстан баштап тажрыйба топтоп иштеп башташы керек. Мындай пикирин Жеңишбек Арзыматов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай студенттерге 5-курста жумушка сунуштар түшүп калуусу мүмкүн.

"Ар бир эле студент 2-3-курстан баштап өзүнүн кесиби боюнча бекер иштеп болсо да тажрыйба топтошу керек. Анткени теория менен практика такыр башка. Кесиби боюнча эрте иштеп баштагандардын көпчүлүгү окууну аяктап жатканда жумуш менен камсыз болуп калат. Жаштар карьера куруудан башкаларга эмес, бир гана өзүнө ишениши керек", — деди ал.

Арзыматов эл аралык кыргыз юристтери өтө аз санда экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0