Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кеңешов: алгачкы жардам боюнча окутууларды өткөрүп келебиз

© Sputnik / Табылды КадырбековИнструктор по оказанию первой помощи Красного Полумесяця Кыргызстана Улукбек Кенешов
Инструктор по оказанию первой помощи Красного Полумесяця Кыргызстана Улукбек Кенешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча инструктору Улукбек Кеңешов ар бир жаран алгачкы жардам көрсөтүүнү үйрөнүп алса болорун айтты.
Кеңешов: алгачкы жардам боюнча окутууларды өткөрүп келебиз

Мектептерге алгачкы жардам көрсөтүү боюнча окутуулар өткөрүлүп келет. Бул тууралуу Улукбек Кеңешов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, бул нерсеге кызыккан окуучулар арбын.

"Биз окуутуу учурунда шаардагы жана аймактардагы мектептерге барып, окуучуларга алгачкы жардам көрсөтүү канчалык маанилүү экендигин жана анын эрежелерин түшүндүрөбүз. Балдарды кызыктыруу үчүн ар кандай ыкмаларды колдонобуз. Мисалы, оюндарды уюштуруп,  Тез жардам кызматы келгенче эмне кылып адамдын өмүрүн сактап калса болорун кенен көрсөтөбүз. Окуучулар да кызыгып, активдүү катышып беришет", — деди инструктор.

Адис алгачкы жардам көрсөтүүнү үйрөнгүсү келгендер Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун алгачкы жардам көрсөтүү бөлүмүнө кайрылса болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0