Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Өмүрзаков: 25 жашка чейинкилер Кыргызстан элинин жарымын түзөт

© Sputnik / Табылды КадырбековБириккен Улуттар Уюмунун калк фондусунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков
Бириккен Улуттар Уюмунун калк фондусунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бириккен Улуттар Уюмунун калк фондусунун аткаруучу өкүлү Медер Өмүрзаков 25 жашка чейинки жарандардын өнүгүшүнө мамлекет өзгөчө көңүл буруш керектигин айтты.
Өмүрзаков: 25 жашка чейинкилер Кыргызстан элинин жарымын түзөт

Кыргызстандагы жарандардын тең жарымын 25 жашка чейинки жаштар түзөт. Бул себептен алардын ден соолугуна жана билимине өзгөчө маани бериш керек. Мындай пикирди Медер Өмүрзаков Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, жаштар өлкөнүн эртеңки келечеги.

"Биздин өлкөдө 25 жашка чейинкилер калктын 50 пайызын түзөт. Өкмөт колунан келген жардамды мына ушул жаштарга берип, алардын келечеги үчүн жакшы мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүү керек. Айрыкча, жаштардын саламаттыгына жана билим деңгээлине көңүл буруу маанилүү. Биз да бул жаатта жер-жерлерде көптөгөн семинар-тренингдерди уюштуруп келебиз", — деди ал.

Өмүрзаков мамлекеттин өнүгүүсү үчүн жаштар орто жана улуу муундун өкүлдөрүнө караганда,  көбүрөөк салым кошорун баса белгиледи.

Жаңылыктар түрмөгү
0