Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кулназаров: аварияга кабылып келген бейтаптар көп болууда

© Sputnik / Табылды КадырбековЗавотделением челюстно-лицевой хирургии Нацгоспиталя Алмаза Кулназарова
Завотделением челюстно-лицевой хирургии Нацгоспиталя Алмаза Кулназарова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын бет-жаак хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Алмаз Кулназаров мындай хирургия Кыргызстандын үч шаарында бар экенин айтты.
Кулназаров: аварияга кабылып келген бейтаптар көп болууда

Жолдо кырсыкка учурап оор абалда бизге түшкөн бейтаптардын саны көбөйүүдө. Бул тууралуу Алмаз Кулназаров Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көпчүлүк учурда аварияга туш болгон жарандарга операциялардын оор түрлөрү жасалууда.

"Азыр унаа көбөйдү, алардын ылдамдыгы да да өтө жогору. Жаштар болгон ылдамдык менен катуу айдап, аварияга тушуккан учурлар көп болууда. Натыйжада бет-жаак сөөктөрүнөн жабыркап келген бейтаптардын саны арбыды. Бул көрүнүш биздин госпиталда эле эмес, өлкө аймагы боюнча көп катталууда. Тез жардам менен келгендиктен кезексиз дароо жаткырылып, операция жасалат. Өзгөчө жаш балдардын авариядан соң оор жаракаттар менен келиши ойлондурат", — деди Кулназаров.

Ал айдоочуларды дайыма коопсуздук курун тагынып жүрүүсүн өтүнөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0