Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Абдувалиева: дүйнө жүзүндө энелердин бир пайызынан такыр сүт чыкпайт

© Sputnik / Данияр СандыбаевЗаведующая отделением патологии новорожденных и недошенных детей национального центра охраны материнства и детства Сагын Абдувалиева
Заведующая отделением патологии новорожденных и недошенных детей национального центра охраны материнства и детства Сагын Абдувалиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Эне жана баланы коргоо борборунун оорулуу ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева Кыргызстанда жылына 150-160 бала төрөлө турганын айтты.
Абдувалиева: дүйнө жүзүндө энелердин бир пайызынан такыр сүт чыкпайт

Дүйнө жүзү боюнча энелердин бир пайызынан такыр сүт чыкпайт. Бул аялдар табиятынан ушундай өзгөчөлүккө ээ. Бул тууралуу Сагынбү Абдувалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сүтү бар туруп баласын эмизбей коюу ымыркайдын да, эненин да ден соолугуна зыян.

"Бала төрөлгөндөн кийин алгачкы күндөрүндө эненин сүтү абдан маанилүү. Кээ бир аялдар эчкинин, уйдун же башка сүт эненин сүтүндөй эле деп ойлоп, жаңылышат. Бала үчүн эненин сүтүнөн өтөр азык жок. Дүйнө жүзү боюнча болгону энелердин бир пайызынын гана сүтү такыр келбей калат. Калган аялдар төрөгөн соң баласын дароо эмизиши керек. Баланы эмизүү ымыркай үчүн эле эмес, апасынын да ден соолугуна пайдалуу", — деди Абдувалиева.

Ал кошумча тамак менен чоңойгон наристелерде кийин аллергия, семирип кетүү, кант диабети сыяктуу оорулар пайда болушу мүмкүндүгүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0