Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетакунов: Кыргызстанда гүлдөп кеткен сөз эркиндиги жок

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эл артисти жана белгилүү режиссёр Молдосеит Мамбетакунов. Архив
КРдин эл артисти жана белгилүү режиссёр Молдосеит Мамбетакунов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин эл артисти жана белгилүү режиссёр Молдосеит Мамбетакунов Кыргызстандагы ЖМКлар толук түрдө ачык маалымат бере албай жатканын айтты.
Мамбетакунов: Кыргызстанда гүлдөп кеткен сөз эркиндиги жок

Кыргызстандагы ЖМКларда гүлдөп кеткен сөз эркиндиги жок. Бул тууралуу Молдосеит Мамбетакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, телевиденилердин көпчүлүгү өзүнүн саясатын жүргүзүп, элге бир тараптуу маалымат берип келүүдө.

"Мен бир топ жыл телевидениелерди жетектеп, башкы режиссёр, вице-президент жана президент болуп иштеп келдим. Мени да кызматта отурган кишилер "Бул программаны бер, бул көрсөтүүнү бербе" деп айтчу. Биз айла жоктон аны жасачубуз. Бүгүнкү күндө мен каналдардын жетекчилерин түшүнөм. Жогорудан келген буйрукту жасабасаң жумушу жок каласың. Мына ушундан улам мен Кыргызстандагы басма сөздө укмуштудай гүлдөп кеткен эркиндик жок деп эсептейм. Бирок качандыр бир убакта биздин өлкөдө да ЖМКлар ар тараптуу маалымат берип, коомчулукка туура жана так кабарды жеткирет деп ойлойм. Азырынча эркиндик такыр эле жок эмес бар, бирок жетиштүү деңгээлде эмес", — деди Мамбетакунов.

Ал азыркы кезде бир топ жаңы телеканалдар ачылганы менен журналисттердин билим деңгээли жогору болбой жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0