Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Дүйшеев: жер титирегенде ызы-чуу салбаганга аракет көрүү шарт

© Sputnik / Асель АкматалиеваКыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча башкы машыктыруучусу Замир Дүйшеев
Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча башкы машыктыруучусу Замир Дүйшеев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандын Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча башкы машыктыруучусу Замир Дүйшеев жер титиреп баштаганда ары-бери чуркабаш керектигин айтты.
Дүйшеев: жер титирегенде ызы-чуу салбаганга аракет көрүү шарт

Кайсы жерде болбосун жер титиреп баштаганда адам өзүн аман алып калуунун жолун издеш керек. Мындай пикирин Замир Дүйшеев Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай учурда адам ашыкча ызы-чуу салбашы кажет.

"Жер силкингенде адам сыртта болобу, же үйдөбү, эң башкысы өзүн тынчтандыруу керек. Имараттын ичинде болгон маалда адам стол сыяктуу катуураак буюмдун, эмеректин алдына кирип сактанууга аракет жасашы шарт. Алгачкы 10-15 секундда гана сыртка качып чыгууга мүмкүн", — деди башкы машыктыруучу.

Ал алгачкы жардам көрсөтүү боюнча сабактарды окуучуларга да өтүп келерин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0