09:28 07 Бештин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.8490
  • EUR77.5883
  • RUB1.0962
Улуттук госпиталдын пластикалык реконструкциялоо микрохирургиясы жана манжа хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Керим Бээрманов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Бээрманов: сурмасын чоңойтуп барган аялын үйгө киргизбей койгондор бар

Радио
Кыскача шилтеме алуу
631 0 0

Улуттук госпиталдын пластикалык реконструкциялоо микрохирургиясы жана манжа хирургиясы бөлүмүнүн башчысы Керим Бээрманов аталган бөлүмгө көздүн сурмасын чоңойтууну каалап кайрылган кыз-келиндердин көбөйгөнүн айтты.

Сурмасын чоңойтуп барса күйөөсү үйүнө киргизбей койгон учурлар болгон. Ошондон кийин биз жакындарынын уруксаты менен гана пластикалык операция жасап калдык. Бул тууралуу Керим Бээрманов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, көз, мурундун формасын өзгөртүү үчүн жасалган пластикалык операциялар ден соолукка коркунуч алып келбейт.

"Бизде менталитет башкача да. Пластикалык операция десе эле терс кабыл алабыз. Негизинен эгер адамга келбетинен бир жери жакпаса, эмнеге аны өзгөртүп алса болбосун. Мунун ден соолукка деле зыяны жок. Бирок бизде күйөөлөрүнө айтпай келип сурмасын чоңойтуп, үйүнө барса жолдошу киргизбей койгон же бизге чейин келип урушуп кеткен учурлар катталган. Андыктан биз алгач күйөөңөрдөн уруксат алып келгиле дейбиз. Ал эми өспүрүмдөр ата-энеси менен келиши керек", — деди Бээрманов.

Ал айрым учурларда пластикалык хирургдун жардамынан соң жолдоштору менен келип ыраазычылык билдирип кеткен түгөйлөр да болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Окумуштуулар эмчек эмизүү аялга кандай пайда алып келерин аныкташты
Белгилер:
үй бүлө, пластикалык хирургия, Керим Бээрманов

ЭҢ МААНИЛҮҮ