Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жылкыбаев: көчмөндөр оюндарында Оштон барып байгелүү орундарды алабыз

© Sputnik / Табылды КадырбековӨкмөттүн Ош облусундагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Архив
Өкмөттүн Ош облусундагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Өкмөттүн Ош облусундагы атайын жана ыйгарым укуктуу өкүлү Узарбек Жылкыбаев Көчмөндөрдүн Дүйнөлүк III оюндарында Ош облусунун командасын өзү жетектеп бараарын айтты.
Жылкыбаев: көчмөндөр оюндарында Оштон барып байгелүү орундарды алабыз

Күздө өтүүчү көчмөндөр оюндарында Оштон барып байгелүү орундарды алабыз деп ойлойм. Учурда даярдык кызуу жүрүп жатат. Бул тууралуу Узарбек Жылкыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Ош облусу көчмөндөр оюндарында кызыктуу оюн-зоокторду көрсөтөт.

"Учурда даярдыктар абдан кызуу жүрүп жаткан экен. Аны улантып, алдыдагы көчмөндөр оюндарында биздин облустун командасы байгелүү орундарга илинет деп ишенем. Ысык-Көл аймагын жетектеп турганымда бул дүйнөлүк долбоордун уюштуруу иштеринин башында турдум эле, эми конок катары катышам. Буюрса, Оштун командасын өзүм жетектеп барам", — деди Жылкыбаев.

Ал көчмөндөр оюндарынын алкагында Ош облусунда көптөгөн маданий иш-чаралар өткөрүлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0