Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Чаргынова: күндөн коргоочу көз айнектердин атайын белгиси болот

© Sputnik / Табылды КадырбековУлуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн офтальмологу Алтынай Чаркынова. Архив
Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн офтальмологу Алтынай Чаркынова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук госпиталдын көз микрохирургиясы бөлүмүнүн офтальмологу Алтынай Чаргынова күндөн коргоочу көз айнектерди базардан сатып албоо керектигин айтты.
Чаркынова: күндөн коргоочу көз айнектердин атайын белгиси болот

Күндөн коргоочу көз айнектердин атайын белгиси болот. Кулакка такчу жагынын ичин караганда С 109 деген жазуусу бар көз айнектер күн нурларынан сактай алат. Бул тууралуу Алтынай Чаргынова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай жазуусу бар көз айнектерди базарлардан эмес, атайын оптикалык дүкөндөрдөн тапса болот.

"Өзгөчө жаштар мода көрүп тагынып жаткан көз айнектерди көбүнесе базардан сатып алышат. Тилекке каршы, алар көздү күндүн нурланынан коргоп кала албайт. Кулакка таккан жагынын ичин караганда С 109 деген жазуусу барларын гана алыш керек. Бул белги атайын күндүн ультрокөгүлтүр нурланынан коргоочу фильтри бар дегенди түшүндүрөт. Албетте, алардын баасы базардагы көз айнектерге салыштырмалуу кымбатыраак жана атайын көз айнек сатуучу дүкөндөрдөн гана сатып ала алабыз. Бирок биздин өлкөдө күндүн нуру катуу тиет деп эсептелгендиктен, жылдын дээрлик бардык учурунда күндөн коргоочу көз айнек тагынып жүрүүнү сунуштайм", — деди Чаргынова.

Ал көздүн көрүүсүнө залака кетирбеш үчүн керектүү көнүгүүлөрдү жасап, тиешелүү витаминдерди ичип туруу керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0