Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамбетакунов: журналист болом дегендер оюн эркин айта билиши керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКРдин эл артисти жана белгилүү режиссёр Молдосеит Мамбетакунов. Архив
КРдин эл артисти жана белгилүү режиссёр Молдосеит Мамбетакунов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин эл артисти жана белгилүү режиссёр Молдосеит Мамбетакунов коомчулук менен байланыш жаатында окуган студенттер оюн башкаларга жеткире билүүсү маанилүү экенин айтты.
Мамбетакунов: журналист болом дегендер оюн эркин айта билиши керек

Журналистика факультетинде окуган студент оюн эркин айтышы керек. Эгер ал өз пикирин түшүнүктүү кылып айта албаса, анда ал коомдогу болуп жаткан окуяларды да элге толук кандуу жеткире албайт. Мындай пикирин Молдосеит Мамбетакунов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ийгилик сырлары" уктуруусунда сүйлөп куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, журналистика факультетин аяктап, бирок кесиби боюнча иштебей калуунун үч фактору бар.

"Биринчиден, маянанын аздыгынан улам аталган факультеттин бүтүрүүчүлөрү окуу жайды аяктагандан соң башка тармакта иштеп калат. Жаш адистер үй алып, үйлөнүп, үй-бүлөсүн багыш керек эмеспи. Мындан улам алар акча көбүрөөк тапкан тарапка ооп кетишет. Экинчиси — адашып ушул бөлүмгө тапшырып алгандар. Азыркы жаштардын көпчүлүгү дароо эле мектепти аяктап атактуу болууну каалайт. Телевидениеге чыгып алып баруучу, диктор болуп элге таанымал болуу максатында ушул бөлүмгө тапшырып, бирок жыйынтыгы ойдогудай болбой калып, алар да журналистиканы таштап коюшат. Ал эми үчүнчү фактор болсо студенттер психологиялык жактан өзүнүн оюн эркин айта албай, бул кесип менен коштошууга аргасыз болот. Ошондуктан журналист болом деген жаштар коомго пикирин жеткиргенди билиши шарт", — деди Мамбетакунов.

Ал ЖМКлар алдыңкы планга саясатты эмес, экономиканы алып чыгышы керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0