Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асангулова: Көчмөндөр оюнунда кийилчү кийимдер тигилип баштады

© Sputnik / Табылды КадырбековДизайнер Айдай Асангулова. Архив
Дизайнер Айдай Асангулова. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Дизайнер Айдай Асангулова ДКОнун Кырчын жайлоосунда өтчү театралдаштырылган иш-чарага жалпы 2 миңдей киши катышарын айтты.
Асангулова: Көчмөндөр оюнунда кийилчү кийимдер тигилип баштады

Көчмөндөр оюндарынын Кырчын жайлоосунда өтчү маданий иш-чарасына катышуучулардын кийимдери 25-августка чейин даяр болот. Бул тууралуу Айдай Асангулова Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ДКОнун Кырчын жайлоосунда өтө турган маданий иш-чаранын катышуучулары да илгерки кийимдерди кийип келиши керектигин айтты.

"Аталган иш-чарада бир гана сахнада жүргөн актёрлор эмес, ага келген меймандарды да улуттук кийим кийип келүүгө чакырат элем. Анткени Кырчын жайлоосунда боз үйлөр тигилип, илгери ата-бабаларыбыз жашаган атмосфера чагылдырылмакчы. Ал жерде азыркыдай заманбап кийинип алсак иш-чаранын көркүн да бузуп коебуз. Ал эми театралдашкан иш-чаранын актёрлору жалпы 2 миңдей кишини түзүп, алардын кийимдери 25-августка чейин даяр болгону турат", — деди дизайнер.

Ал актёрлордун кийимдери жөнөкөй, илгеркидей образда тигилип баштаганын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0