Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарыбаев: башка өлкө карыз берсе эле кечип жиберет деген ой адат болуп калды

© Sputnik / Исмаил МамытовЭкономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев. Архив
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Экономика илимдеринин доктору, профессор Айылчы Сарыбаев мамлекеттик карыздын эки түрү болорун айтты.
Сарыбаев: башка өлкө карыз берсе эле кечип жиберет деген адат пайда болду

Башка өлкө карыз берсе эле кечип жиберет бекен деген жаман адат пайда болду. Эл бул түшүнүктөн арылышы керек. Мындай пикирин Айылчы Сарыбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстан эгемендүүлүгүн алгачкы 15 жылында сомдун күчүн кармап туруу, экспортко жумшоо сыяктуу кайтарылбас багыттарда көп карыз алгандыгы туура эмес экономикалык саясат болгон.

"Карызды аларда экиге бөлүп караш керек. Кайтарылбас нерсеге иштетилген карыздар өлкө экономикасы үчүн кооптуу. Ал эми өндүрүш багытына, инфраструктураны өнүктүрүү үчүн алынса жана алар туура жумшалса чочулоонун кажети жок. Бизде, тилекке каршы, аткаминерлер ошол карыздардан да мүлжүп жеп жатышпайбы. Ал эми элибизде болсо сырттан карыз келсе эле кечип жиберээр бекен деген адат пайда болду. Биз мындан арылышыбыз керек", — деди Сарыбаев.

Ал тышкы карыз экономикалык эркиндиктен ажыратып коюшу мүмкүн экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0