03:36 21 Баш оона 2019
Түз эфир
  • USD69.8030
  • EUR77.3278
  • RUB1.0452
Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оорулуу ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева. Архив
© Sputnik / Данияр Сандыбаев

Абдувалиева: эненин ууз сүтү бала үчүн өтө маанилүү

Радио
Кыскача шилтеме алуу
98 0 0

Эне жана баланы коргоо улуттук борборунун оорулуу ымыркайлар жана ара төрөлгөн балдар бөлүмүнүн башчысы Сагынбү Абдувалиева эненин ууз сүтү бала үчүн эмдөөгө барабар экенин айтты.

Эненин ууз сүтү бала үчүн өтө маанилүү. Кээ бир аялдарда ал бир тамчы эле болушу мүмкүн. Ошентсе да ууз сүттү бала сөзсүз эмиши керек. Бул тууралуу Сагынбү Абдувалиева Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, алты айына чейин эненин гана сүтү менен азыктанган ымыркайлар көп оорубайт.

"Эне төрөгөн соң биринчи эки саатта ууз сүт келет. Мына ушул сүттү өткөрүп жибербеш керек. Ал бир тамчы болсо да баланын организмине кириши зарыл. Анткени ууз ымыркайдын иммунитетин көтөргөн, бардык эмдөөлөрдөн күчтүү каражат. Ошондой эле колдон келсе баланы эки жашына чейин, жок дегенде алты айына чейин эмизүү баланын ден соолугу үчүн пайдалуу. Учурда Кыргызстанда алты айга чейинки эмчек эмген балдардын саны ушул курактагы ымыркайлардын 41 пайызын түзөт", — деди Абдувалиева.

Ал бала эмизген эненин ден соолугуна жалпы үй-бүлө мүчөлөрү кам көрүүсү туура болорун кошумчалады.

Тема боюнча

Окумуштуулар эмчек эмизүү аялга кандай пайда алып келерин аныкташты
Белгилер:
эмизүү, ата-эне, ден соолук, бала, Сагынбү Абдувалиева

ЭҢ МААНИЛҮҮ