Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Солтонгелдиева: көк бөрүгө ЮНЕСКОдон колдоо табууга төрт жыл кетти

© Sputnik / Табылды КадырбековЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева
ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ЮНЕСКО иштери боюнча Улуттук комиссиянын жооптуу катчысы Сабира Солтонгелдиева көк бөрүнүн эки түрү тең аталган уюмдун улуттук баалуулуктар тизмесине киргенин айтты.
Солтонгелдиева: көк бөрүгө ЮНЕСКОдон колдоо табууга төрт жыл кетти

Көк бөрү оюнун ЮНЕСКОнун улуттук баалуулуктар тизмесине киргизүү үчүн төрт жыл бою тынбаган сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Бул тууралуу Сабира Солтонгелдиева Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, текени союп улакка салган салттык варианты да, муляж менен оюн өткөрүү да аталган уюм тарабынан колдоого алынды.

"Биз түрдүү видео материалдарды көрсөтүп, чыгармаларды окутуп төрт жыл бою сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп келдик. Алгач жаныбарга аёосуз мамиле кылган, жапайы оюн катарында баалап, үрөйлөрү учту. Биз төрт жыл бою түшүндүрүү иштерин жүргүзүп отуруп, соңунда футболго теңедик. Силер үчүн футбол эмне десек, "бүт баары" деп эмоцияларын билдиришти. "Кыргыздар үчүн да көк бөрү — бүт баары" дедик. Ушундан кийин бул жапайы оюн эмес, улуттук баалуулук деп көз караштары өзгөрдү", — деди Солтонгелдиева.

Ал көк бөрү оюну ЮНЕСКОнун тизмесине киргенден кийин эл аралык деңгээлде аброю көтөрүлгөнүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0