15:20 09 Теке 2020
Түз эфир
  • USD78.0266
  • EUR88.0062
  • RUB1.0953

Жолдошбаев: менчик пансионаттарга куткаруучу коюу биздин милдет эмес

Радио
Кыскача шилтеме алуу
73 0 0

ӨКМдин авариялык-куткаруу иш-чараларын өткөрүү жана Жарандык коргонуу башкармалыгынын башчысынын милдетин аткаруучу Рыспек Жолдошбаев аталган мекемеге куткаруучуларды окутуп, даярдоо иштери гана жүктөлгөнүн билдирди.

Жолдошбаев: менчик пансионаттарга куткаруучу коюу биздин милдет эмес

Жеке менчик эс алуучу жайларды куткаруучулар менен камсыздоо биздин милдетке кирбейт. Бул тууралуу Жолдошбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, өкмөттүн №466 токтомуна ылайык, жеке менчик пансионаттар куткаруучу жана медициналык персоналдар менен өздөрүн, өздөрү камсыздашы керек.

"Жеке менчик пансионаттардын администрациясы коопсуздук жактарын өздөрү камсыздоого тийиш. Жайкы сезон убагында канча куткаруучу алышат, деги эле бул кызматкерлер барбы биз кирише албайбыз. Биздин министрлик өрт коопсуздуктарынан куткаруу боюнча иштерди жүргүзө алат. Бул багытта өлкө аймагында 87 өрт өчүргүчтөр жайлар бар. Ал жердеги кызматкерлер кырсык жаралган жерге чакыруу түшкөндө ыкчам жетип барып жардам көрсөтүшөт", — деди Жолдошбаев.

Адис министрлик суудагы куткаруучуларды жыл сайын эки жумалык курстан өткөрүп, даярдап келишээрин  кошумчалады.

Тема боюнча

Назарбеков: эс алуучулар сууга түшүү эрежелерин сактабай кырсыкка кабылышат
Белгилер:
мыйзам, пансионат, куткаруучулар, Рыспек Жолдошбаев

ЭҢ МААНИЛҮҮ