16:53 17 Бирдин айы 2019
Түз эфир
  • USD69.7609
  • EUR78.6694
  • RUB1.0458
Ыйман фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков. Архив
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Кадырбеков: балдар тарбиясын смартфонго берип койдук, келечеги кооптондурат

Радио
Кыскача шилтеме алуу
155120

"Ыйман" фондусунун жетекчиси Нуржигит Кадырбеков коом руханий билимге муктаж экенин айтты.

Балдар тарбиясын смартфондорго берип койдук, келечеги кооптондурат. Ал жактан балдарыбыз эмнелерди көрүп жатканын текшербейбиз деле. Мындай пикирин Нуржигит Кадырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, адам алгач интеллектуалдык, руханий, дене түзүлүшү жактан өнүгүшү керек. Андан соң гана материалдык байлык эсептелгени туура.

"Керкисинде да, кемтигинде да бар дегендей, мамлекет да, элибиз өзү да учурдагы коомдун абалына күнөөлүү. Бирок, бирөөнү күнөөлөштөн мурда ар бир адам реформаны өзүнөн башташы керек. Мисалы мыйзамдар аткарылбайт дейбиз, а эмнеге анын аткарылышын талап кылбай, чуркап барып пара беребиз? Келечек муун да бизди көрүп үлгү алат да. Балдардын тарбиясын болсо смартфондорго тапшырып койдук. Мектеп билим берем дейт, ата-эне баласынын тарбиясын да мектеп берсе дейт. Ошентип, жыйынтыгында келечек ээлери руханий жактан сабатсыз болуп калууда. Балдарга адеп, маданият деген нерселер үйрөтүлбөй калды", — деди Кадырбеков.

Ал жеткинчектерге материалдык байлык менен баарын жасап алам деген түшүнүк туура эмес экенин үйрөтүү учур талабы экенин кошумчалады.

Тема боюнча

Телефондорду каттатып алып көтөрсөк, уурдалбай калабы? Адистин жообу
Эркимбаев: аянтта ыргытылган сагыздарды кол менен кырып жууйбуз
Белгилер:
акча, маданият, ыйман, Нуржигит Кадырбеков

ЭҢ МААНИЛҮҮ