Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кеңешов: адам ысыкта жанына ар дайым суу алып жүрүшү шарт

© Sputnik / Табылды КадырбековИнструктор по оказанию первой помощи Красного Полумесяця Кыргызстана Улукбек Кенешов
Инструктор по оказанию первой помощи Красного Полумесяця Кыргызстана Улукбек Кенешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук кызыл ай коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча инструктору Улукбек Кеңешов ысыкта жер-жемиштерди көбүрөөк жеген пайдалуу болорун айтты.
Кеңешов: адам ысыкта жанына ар дайым суу алып жүрүшү шарт

Адам айрыкча жай мезгилинде жанына сөзсүз түрдө суу алып жүрүшү зарыл. Бул тууралуу Улукбек Кеңешов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, күн ысыкта адамдын оозу кургаганда суу ичиш керек.

"Мындай ысыкта жарандар жанына суу алып жүрүшү шарт. Күн сайын жай мезгилинде үч литрдей суу ичиш керек. Андан сырткары ачык түстөгү жана кепка, панама сыяктуу ысыктан тосуучу жеңил баш кийимчен жүрүүнү сунуштайбыз", — деди инструктор.

Адис буга чейин ысык күндөрдө алгачкы жардамдар кандай көрсөтүлүшү керектиги тууралуу жер-жерлерде семинар-окутууларды өткөрүп, тажрыйба жүзүндө көрсөтүп келгенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0