Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Эргешов: ала качууда босогого жатып алган кемпирди аттап кеткен күнөө эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековМуфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов. Архив
Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Муфтияттын окуу бөлүмүнүн башчысы Акимжан Эргешов ислам дининде адам укугу өтө жогору бааланаарын айтты.
Эргешов: ала качууда босогого жатып алган кемпирди аттап кеткен күнөө эмес

Ала качып барган учурда кызды кетирбеш үчүн босогого жатып алган кемпирди аттап кетсе күнөө болбойт. Мындай адамдар шариятта адамдын намысы менен ойногонго барабар бааланат. Бул тууралуу Кыргызстан мусулмандарынын дин башкармалыгынын өкүлү Акимжан Эргешов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мыйзам негизинде ала качууга көмөк берген кемпир, келиндерди да жазалоо керек.

"Шариятта эки жаштын биринин каалоосу жок үй бүлө курулбайт, нике окулбайт, арам болуп эсептелет. Ислам — адам укугуна өтө аяр мамиле кылган дин. Босогого жатып алып же тескери бата берем деп коркуткан кемпирлерди аттап эле эмес, тээп өтсө да эч нерсе болбойт. Жаш кыздардын сезимталдыгынан пайдаланган мындай адамдарга мыйзамдын негизинде жаза киргизүү керек. Ала качуу динибизде да, салтыбызда жок, жапайы адат ", — деди Эргешов.

Ал ала качуу ислам дининде адам уурдоого тете экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0