Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кайнарбек кызы: элечекти оронмок түгүл анын эмне экенин билбегендер бар

© Sputnik / Асель АкматалиеваАссистент проекта "Кийиз дүйнө — көчмөн руху" Асел Кайнарбек кызы
Ассистент проекта Кийиз дүйнө — көчмөн руху Асел Кайнарбек кызы - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
"Кийиз дүйнө — көчмөн руху" долбоорунун ассистенти Асел Кайнарбек кызы элечек орогонду үйрөнүүнү каалагандар арбын экендигин айтты.
Кайнарбек кызы: элечекти оронмок түгүл анын эмне экенин билбегендер бар

Элечекти оромок түгүл анын эмне экенин билбегендер да бар. Бул тууралуу Асел Кайнарбек кызы Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, 26-июлда өтчү "100 элечек бир саатта" деп аталган иш-чарада элечекти ороо ыкмалары көрсөтүлмөкчү.

"Аталган иш чара алгачкы жолу уюштурулуп жатат. Буюрса, жогорку деңгээлде өтөт деп ойлоп жатабыз. 100 айымга бир сааттын ичинде элечек орогон биз үчүн сыймык. Азыркы кезде кызыгып, 100 аялдын катарын толуктагысы келген кыз-келиндин, апалардын саны барган сайын көбөйүүдө",  — деди Асел Кайнарбек кызы.

Маектеш бул иш-чараны коомчулук да күтүп жаткандыгын айтты.

"Өзгөчө шаарда туулуп-өскөн эжелер бул иш-чараны чыдамсыздык менен күтүүдө. Албетте, мындай көрүнүш бизди кубандырат. Бирок ошол эле кезде улуттук баш кийимибиз болгон элечекти оромок түгүл анын эмне экенин билбегендер да бар экени өкүндүрөт. Бирок биз уюштуруп жаткан иштер аркылуу көпчүлүк элечек тууралуу кенен маалымат алып жатат", — деди Кайнарбек кызы.

Ал ошондой эле 15-июндан-15-июлга чейин аялдар бир ай бою жайлоодо элечек кийип жашаганын айтты.

Жаңылыктар түрмөгү
0