Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Аматов: уюлдук аппараттарды каттоого алсак бюджетке кошумча каражат түшөт

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаместитель председателя ГКИТиС Эшмамбет Аматов
Заместитель председателя ГКИТиС Эшмамбет Аматов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маалыматтык технологиялар жана байланыш мамлекеттик комитетинин төрагасынын орун басары Эшмамбет Аматов келерки жылдан баштап, чөнтөк телефондору каттоого алынаарын айтты.
Аматов: уюлдук аппараттарды каттоого алсак бюджетке кошумча каражат түшөт

Уюлдук аппараттарды каттоого алсак бюджетке кошумча каражат түшөт дагы жарандар телефондорун уурдатпай калат. Бул тууралуу Эшмамбет Аматов таңкы эфирде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, сим-карта салынып иштетилген байланыш каражаттарын каттатуу наркы 100 сомду түзөт.

"Бул мыйзам ишке кирсе биринчи кезекте телефон уурдоолор токтойт. Анткени, ар бир телефонго IMEI- код берилет. Эгер уурдалып кетсе атайын код аркылуу аппаратты өчүрүп койсо болот. Экинчиден, бюжетке киреше түшөт. Ар бир байланыш каражатын каттоого коюу үчүн 100 сом төлөнөт. Башка мамлекеттерде мындай мыйзамдар ийгиликтүү иштөөдө. Өлкө аймагына мындай эреже келерки жылы кириши мүмкүн. Мыйзам долбоору учурда коомдук талкууда", — деди Аматов.

Ал байланыш каражаттарын каттоо менен өлкөгө канча уюлдук аппарат расмий кирип жатканын көзөмөлдөп турууга да шарт түзүлөөрүн кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0