Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кыдырбаев: өлкөдө салык төлөө маданиятын өнүктүрүү зарыл

© Sputnik / Табылды КадырбековИсполнительный директор аналитического центра "БизЭксперт" Улук Кыдырбаев
Исполнительный директор аналитического центра БизЭксперт Улук Кыдырбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Бизнес ассоциацияларынын улуттук биримдигинин төрагасы Улук Кыдырбаев салыкты өндүрүүчү кызматкер менен ишкердин ортосунда түшүнбөстүктөр көп келип чыгарын айтты.
Кыдырбаев: өлкөдө салык төлөө маданиятын өнүктүрүү зарыл

Өлкөдө салык төлөө маданиятын өнүктүрүү зарыл. Мындай аракеттерди ишкерлер менен да, салыкчылар менен да жүргүзүү керек. Бул тууралуу Улук Кыдырбаев таңкы эфирде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, салык кыматкерлери менен ишкерлердин ортосунда келип чыккан түшүнбөстүктөрдөн улам, мамлекеттик казына жапа чегип калган учурлар арбын.

"Бизде салык системасы ийкемдүү эле. Бизнесмендер үчүн бардык шарттар каралган, ишкерлик кылуу мүмкүнчүлүктөрү жогору. Ошого карабай орто жана чакан ишкерликтин өнүкпөй жатканынын бирден-бир себеби салыкчылар менен ишкерлердин мамилеси. Айрым учурларда тирешүүгө чейин барышат, жыйынтыгында мамлекеттик бюджетке залалы тиет. Андыктан, салыкты төлөөдө да, аны өндүрүүдө да маданиятты жогорулатышыбыз керек", — деди Кыдырбаев.

Ал башка жактан келген ишкерлер да салык системасына эмес, салык кызматкерлеринин мамилесине нааразы болгон учурлар кездешээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0