Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Мамашов: жолдун убагында бүтүшүнө кээде жашоочулар да тоскоолдук кылат

© Sputnik / Табылды КадырбековНачальник отдела городских дорог управления капитального строительства при мэрии города Бишкека Темирбек Мамашов
Начальник отдела городских дорог управления капитального строительства при мэрии города Бишкека Темирбек Мамашов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Капиталдык курулуш башкармалыгынын шаар жолдору бөлүмүнүн башчысы Темирбек Мамашов жолго асфальт төшөөдө ар кандай кыйынчылыктар болорун айтты.
Мамашов: жолдун убагында бүтүшүнө кээде жашоочулар да тоскоолдук кылат

Жергиликтүү тургундар бизди эле күтүп турабы, айтор жол салып баштаганда үйүнө түтүкчөлөрдү киргизип бизге тоскоолдук жаратат. Бул тууралуу Темирбек Кеңешов Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай көрүнүш ишти белгиленген мөөнөттөн кечиктирет.

"Бизге жолду оңдоп-түздөөгө белгилүү бир убакыт берилет. Бирок пландалган мөөнөттөн эрте бүткөрүүгө аракет кылып келебиз. Айрым учурда жолдун белгиленген мөөнөттө салынышына жергиликтүү тургундар да тоскоолдук кылат. Бизди эле күтүп тургандай жол салуу иштерине киришерибиз менен үйүнө түтүктөрдү киргизип баштаган учурлар бар.  Ооба, ал жердеги жашоочулардын да тиричилиги маанилүү. Ошол учурда биздин шартыбызды да эске алууга чакырмакчымын", — деди Мамашов.

Ал Бишкек шаарындагы оңдолуп жаткан жолдорго сапаттуу асфальт төшөлүп жатканын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0