Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Сарымсакова: инфекциялык ооруларды убагында дарылабаса, бөйрөккө зыян келет

© Sputnik / Асель АкматалиеваЗаведующий отделением нефрологии Национального госпиталя Бурма Сарымсакова
Заведующий отделением нефрологии Национального госпиталя Бурма Сарымсакова - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Улуттук Госпиталдын нефрология бөлүмүнүн башчысы Бурма Сарымсакова бөйрөк ооруларына чалдыккан бейтаптардын курагы жылдан-жылга жашарып жатканын айтты.
Сарымсакова: инфекциялык ооруларды убагында дарылабаса, бөйрөккө зыян келет

Инфекциялык ооруларды убагында дарылабаса кийин бөйрөк ооруларына алып келет. Ошол эле сасык тумоо, ангинага менен ооруп жаткан учурда олуттуу көңүл буруу зарыл. Бул тууралуу Бурма Сарымсакова Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, таттуу газдалган суусундуктар да бөйрөктүн жабыркашына алып келет.

"Туура тамактануу менен бөйрөк ооруларынын алдын алса болот. Ошол эле куурулган, майлуу тамактар, спирт ичимдиктери, таттуу суусундуктар бөйрөк дарттарын пайда кылат. Мындан сырткары тамактарга кошулчу түрдүү татымдарды да азырак колдонуу керек. Бөйрөк элек сыяктуу, адамдын организминде тазалоо ишин жүргүзгөндүктөн, химиялык кошулмалары бар азыктар анын иштешин бузат. Ошондой эле туруп калган тамактарды да аз жегенге аракет кылуу керек. Кандайдыр бир инфекциялык ооруга чалдыккан учурда, ошондой эле тишке курт түшүүнү убагында дарылап, айыктырбаса кийин бөйрөк ооруларынын пайда болушун шарттайт ", — деди Сарымсакова.

Дарыгер бөйрөктүн жакшы иштешине шарт түзүүчү, химикатсыз өстүрүлгөн бадыраң, дарбыз сыяктуу мөмө-жемиштер менен көбүрөөк азыктанууну сунуштады.

Жаңылыктар түрмөгү
0