Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кудайбердиев: жергиликтүү футболго кызыккандардын саны аз

© Sputnik / Досхан НусупбековПресс-секретарь ГАФКиС Максат Кудайбердиев
Пресс-секретарь ГАФКиС Максат Кудайбердиев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Жаштар иштери, дене тарбия жана спорт боюнча мамлекеттик агенттиктин алдындагы спорттун олимпиадалык эмес түрлөрү боюнча дирекциясынын басма сөз катчысы Максат Кудайбердиев дүйнөлүк футбол чемпионатына Кыргызстандыктар жогорку деңгээлде күйөрмандык кылганын айтты.
Кудайбердиев: жергиликтүү футболго кызыккандардын саны аз

Кыргызстанда жергиликтүү футболго кызыккандардын саны аз. Балким, бул футбол тармагына жетиштүү көңүл бурулбай жатканынан кабар берет. Мындай пикирин Максат Кудайбердиев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандын жарандары футбол боюнча дүйнөлүк чемпионатта социалдык тармактар аркылуу өздөрүнүн активдүүлүгүн көрсөтө алды.

"Бир айлык футбол оюнунда жарандарыбыз Facebook, Instagramm сыяктуу социалдык тармактарда беттеш тууралуу божомолдорун жазып, өздөрүнүн футболго болгон кызыгуусун көрсөтө алды. Мындан сырткары түз эфирден күйөрмандык кылып, жан үрөп турушту. Бирок, негедир жергиликтүү футболго кызыккандардын, күйөрмандардын саны аз экени байкалат. Бул нерсе балким, стадиондун абалынын начардыгы менен байланыштуу. Кыргызстанда да футбол сүйүүчүлөр үчүн жакшы шарттар түзүлсө, бизден чыккан командаларга да дем-күч берүүгө өбөлгө болмок", — деди Кудайбердиев.

Ал кыргыз футболун бизнеске айландырыш керек экенин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0