Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Төрөкулов: тез курган биздин үйлөр арзан эле эмес, өрткө да туруктуу

© Sputnik / Табылды КадырбековДиректор строительной компании "Тез Там" Азиз Төрөкулов
Директор строительной компании Тез Там Азиз Төрөкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргызстандагы курулуш компаниялардын биринин негиздөөчүс Азиз Төрөкулов тез бүтүүчү үйлөрдү бөлүп төлөө жолу менен да сатып алса болоорун айтты.
Төрөкулов: тез курган биздин үйлөр арзан эле эмес, өрткө да туруктуу

Биз курган үйлөр арзан эле эмес өрткө да туруктуу. Жалбырттап күйгөн отко бир саат туруштук берет. Бул тууралуу Азиз Төрөкулов Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, кардарлар көбүнесе бат бүтүүчү тамдардын коопсуздук жагына кызыгат. Бирок, бул үйлөр жер титирөө, өрт кырсыктарына туруктуу келип, баасы да арзан.

"Үйдү куруп жаткан материалдарга уруксатыбыз бар. Ал эми үйдү ар бир жаран өзү камсыздандыра алат да. Жарандар курулуп жаткан материалдардан улам өрттөнүп кетпейби деп көп сурашат. Бирок бул үйлөр арзан, тез бүткөнү менен эле эмес, өрткө, зилзалага кадимки үйлөргө караганда жакшы туруштук бергени менен айырмаланат.  Андан сырткары жылуулукту көпкө кармап турат. Учурда бизде бир бөлмөлүү үйлөрдү болүп төлөөгө койдук. Эгер дароо сатып алам десе 3000 доллар, бөлүп төлөйм десе 3500 доллар болот. Эгер үй даяр болсо, биз ошол күнү эле алпарып орнотуп беребиз. Жумушка баратып үйгө буйуртма берип кетсе, кечинде жаңы үйү туруп калат", — деди Төрөкулов.

Ал тез бүтүүчү үйлөрдүн ички жасалгасы да үйдүн баасына кирээрин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0