Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Жаманкулов: кыргыздын футболу көк бөрү болгон учур келет

© Sputnik / Табылды КадырбековГлава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов
Глава Департамента туризма КР Азамат Жаманкулов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
КРдин Туризм департаментинин жетекчиси Азамат Жаманкулов кыргыз футболу өнүгүү жолунда экенин айтты.
Жаманкулов: кыргыздын футболу көк бөрү болгон учур келет

Кыргыздын футболу — көк бөрү. Биз улуттук оюндарыбызды бренд кылуу менен туризм тармагында ийгиликтерге жете алабыз. Мындай пикирин Азамат Жаманкулов Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, Кыргызстандык футболдук курама тобунун FIFA уюмундагы алдыңкы командалардын катарына кириши чоң жетишкендик.

"Кыргыз футболу өнүгүп келе жатат. Бирок, биздин футбол — көк бөрү дейт элем. Улуттук оюндардын өнүгүүсү туризм багытына да чоң салым кошот. Көк бөрү жана башка улуттук оюндарыбыз Кыргызстандын бренди болуп, өлкөнү таанытып калган бир учур келет ", — деди Жаманкулов.

Ал жаштарды улуттук оюндарды үйрөтүүгө басым жасоо керектигин кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0