Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Боронбаев: Көчмөндөр оюндарында 12 кабат үйдүн бийиктигиндей экран орнотулат

© Sputnik / Табылды КадырбековСоветник министра культуры, информации и туризма Рыскул Боронбаев
Советник министра культуры, информации и туризма Рыскул Боронбаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Маданият, маалымат жана туризм министринин кеңешчиси Рыскул Боронбаев Дүйнөлүк көчмөндөрдүн III оюндарында жарыктандыруу иштерин россиялык компания ишке ашыраарын айтты.
Боронбаев: Көчмөндөр оюндарында 12 кабат үйдүн бийиктигиндей экран орнотулат

Көчмөндөр оюндарынын ачылышында жана жабылыш аземинде узундугу 35 метр, туурасы 180 метрлик экран орнотулат. Бул 12 кабат үйдүн бийиктигине барабар. Бул тууралуу Рыскул Боронбаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, ачылыш жана жабылыш аземдери өтө турган Чолпон-Ата шаарындагы ат майданга мындай мониторду орнотууга техникалык мүмкүнчүлүк бар.

"Албетте, кыйынчылыктар болбой койбойт. Техникалык ыңгайсыздыктар жаралууда, бирок анын баары чечилчү маселе. Быйылкы Көчмөндөр оюндарында жарыктандыруу иштерин санкт-петербургдук ишкана жасай турган болуп жатат. Долбоордун башкы режиссеру Алтынбек Максутов Россияга барып, сүйлөшүүлөрдү жүргүзүп кайтты. Жумушчу топ жакында келип ишин баштайт. 12 кабаттуу үйдүн бийиктигиндей болгон экранды орнотуу ал компаниянын да тажрыйбасында болгон эмес экен, бирок алар муну ишке ашыруу толугу менен мүмкүн экенин айтышты ", — деди Боронбаев.

Ал кооздук үчүн орнотулган жарыктандыруулар жакшы көрүнүшү үчүн оюндар күүгүм киргенде, башкача айтканда 20.00дө башталаарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0