Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Кеңешов: ысыктан адам эс-учун жоготуп куласа аны дароо тургузбаш керек

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча инструктору Улукбек Кеңешов
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча инструктору Улукбек Кеңешов - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча инструктору Улукбек Кеңешов элдин көпчүлүгү күндүн ысыгынан жабыр тарткан учурда эмне кылуу керектигин билбей турганын айтты.
Кеңешов: ысыктан адам эс-учун жоготуп куласа аны дароо тургузбаш керек

Адамдын мурду канап, же ысык өтүп кулап калган кезде аны дароо тургузбаш керек. Бул тууралуу Улукбек Кеңешов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай учурда биринчи кезекте адамды капталынан жаткыруу туура.

"Учурда күн ысык болуп жатканына байланыштуу жарандарыбыздын мурду канап, башы айланып, айрымдар эс-учун жототуп коюуда. Бул учурда алгач кандай жардам көрсөтүш керек экенин баары эле биле бербейт. Анын үстүнө алгачкы жардам көрсөтүүнүн негиздерин ата-эне балдарына да айтыш керек. Адам кулап калганда же ушул сыяктуу көрүнүштөргө туш болсо алгачкы жардамдарды берүү абдан маанилүү", — деди инструктор.

Ал бул жаатта жер-жерлерде убагы менен семинар, тренингдердин өткөрүлүп турарын кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0