02:24 23 Теке 2018
Түз эфир
  • USD68.2377
  • EUR79.4389
  • RUB1.0748
Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча инструктору Улукбек Кеңешов
© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Кеңешов: ысыктан адам эс-учун жоготуп куласа аны дароо тургузбаш керек

Радио
Кыскача шилтеме алуу
109 0 0

Кыргыз Республикасынын Улуттук Кызыл Ай Коомунун алгачкы жардам көрсөтүү боюнча инструктору Улукбек Кеңешов элдин көпчүлүгү күндүн ысыгынан жабыр тарткан учурда эмне кылуу керектигин билбей турганын айтты.

Адамдын мурду канап, же ысык өтүп кулап калган кезде аны дароо тургузбаш керек. Бул тууралуу Улукбек Кеңешов Sputnik Кыргызстан радиосунун "Ачык кеп" программасында маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, мындай учурда биринчи кезекте адамды капталынан жаткыруу туура.

"Учурда күн ысык болуп жатканына байланыштуу жарандарыбыздын мурду канап, башы айланып, айрымдар эс-учун жототуп коюуда. Бул учурда алгач кандай жардам көрсөтүш керек экенин баары эле биле бербейт. Анын үстүнө алгачкы жардам көрсөтүүнүн негиздерин ата-эне балдарына да айтыш керек. Адам кулап калганда же ушул сыяктуу көрүнүштөргө туш болсо алгачкы жардамдарды берүү абдан маанилүү", — деди инструктор.

Ал бул жаатта жер-жерлерде убагы менен семинар, тренингдердин өткөрүлүп турарын кошумчалады.

Тема боюнча

Асанходжаев: аба ырайынын 50 градустан жогорулашы мүмкүн эмес
Дем алышка карата аба ырайынын божомолу
Белгилер:
биринчи жардам, ысык, Кызыл жарым ай коому
Колдонуу эрежелериПикирлер

ЭҢ МААНИЛҮҮ