Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан
Радио

Асанходжаев: аба ырайынын 50 градустан жогорулашы мүмкүн эмес

© Sputnik / Табылды КадырбековӨКМдин алдындагы гидрометеорология боюнча агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев
ӨКМдин алдындагы гидрометеорология боюнча агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
ӨКМдин алдындагы гидрометеорология боюнча агенттигинин директорунун орун басары Рыскелди Асанходжаев аба ырайы 60 градуска жетти деген маалымат туура эместигин айтты.
Асанходжаев: аба ырайынын 50 градустан жогорулашы мүмкүн эмес

Кыргызстанда аба ырайы 50 градустан ашуусу мүмкүн эмес. Бул тууралуу Рыскелди Асанходжаев Sputnik Кыргызстан радиосунун таңкы эфиринде маек куруп жатып билдирди.

Анын айтымында, азыркыдай күндүн ысышы жай мезгилинде кадыресе эле көрүнүш.

"Күндүн катуу ысышы июль-август айларында кадимкидей эле көрүнүш болуп эсептелет. Бирок ысыктын күчү 60 градуска жетти деген маалымат туура эмес экенин айткым келет. Негизи аба ырайы максималдуу 50 градус ысык болот. Андан жогорулап кетүүсү мүмкүн эмес", — деди Асанходжаев.

Ал ар бир айдын 15инен баштап кийинки айга болжолдонгон аба ырайы белгилүү болорун кошумчалады.

Жаңылыктар түрмөгү
0